Түндүк Корея чакан аралыктагы жети ракета учуруп көрдү. Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөр штабынын өкүлүнүн айтымында, "жер-аба" тибиндеги ракеталар Жапон деңизине кечээ кечинде Түндүк Кореянын түндүк тарабындагы жээгинен учурулду.
Ракеталардын старт алышына өлкөнүн лидери Ким Чен Ын өзү көз салып турганы кабарланууда.
Март айынын башынан бери 24-апрелге чейин АКШ жана Түштүк Корея биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатат. Түндүк Корея бул машыгууларды кескин сындап, аларды кол салуунун репетициясы деп атаган.
Ал эми Сеул менен Вашингтон бул аскердик машыгуу коргонуу максатын гана көздөрүн айтууда. (RK)