Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:21

Путин келерки аптада Атамбаев менен жолугат


Орус президенти Владимир Путин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен 16-мартта Санкт-Петербургда жолугары тууралуу бүгүн Кремль кабарлады.

Маалыматка караганда, президенттер эки тараптуу кызматташтыкты жана Кыргызстандын Евразия Экономикалык союзуна мүчөлүгүн талкуулашат.

Кремлдин орус жана кыргыз президенттери кездешери тууралуу маалыматы 62 жаштагы Путин катуу ооруп жатат деген ушак-айың тараган кезде айтылды.

Анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн орус президентинин саламаттыгы эң жакшы экенин кайрадан билдирди. Бул билдирүүгө тушташ орус телеси бүгүн Путин Жогорку соттун төрагасы Вячеслав Лебедев менен жолугуп жаткан учурду көргөздү.

Путин ооруп жатканы тууралуу каңшаар ал 12-13 мартта Казакстанга мерчемделген сапарын кийинкиге калтырганы маалым болгондон кийин тараган. Орус президенти коомчулукка 6-марттан бери көрүнө элек болчу. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG