"Бишкеклифт" ишканасы тейлеген лифттердин 70% эскилиги жеткен. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган мекеменин өкүлү Жамила Сарымсакова билдирди.
Сарымсакова 8-кичи райондо былтыртан бери иштебей турган лифтти мисал келтирип, анын 25 жылдык мөөнөтү мындан 5 жыл мурда эле бүткөнүн айтты. Жаңылары шаардык бюджеттен акча бөлүнүшүнө жараша орнотуларын билдирди. Бир лифттин баасы 2 миллион сомдон ашат.
Бүгүнкү күндө Бишкектеги көп кабат имараттарда жалпысынан 2362 лифт бар. Алардын 1008ин "Бишкеклифт" ишканасы тейлейт. Калгандарын "Кыргызлифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис" сыяктуу 5-6 фирма карайт.
13-мартта "Айчүрөк" соода борборунда лифттин кабинасы 6-кабаттан үзүлүп кетип, ичиндеги эки курулушчу каза тапты. (RK)