Жон Керри ал жерде экономикалык конференцияга катышат жана Египеттин бийликтери менен коопсуздук маселесин талкуулайт.
Вашингтон билдиргендей, Жон Керри менен Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сисинин сүйлөшүүлөрүндө АКШ баштаган коалициянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы аракеттери, коңшу Ливия, Сириядагы кырдаал тууралуу сөз болот.
Керри ошондой эле иордан падышасы Абдалла, палестин лидери Махмуд Аббас менен да кездешет.
Бул жолугушуулар Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы алдында өтүүдө.
АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин кезектеги жолугушуусу 15-мартта Швейцарияда мерчемделген. (UE)