Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:55

Киев менен жикчилер тынчтык келишими бузулганын айтууда


Украинанын чыгышындагы аскердик операция боюнча штабдын өкүлү Анатолий Стелмахтын айтымында, соңку сутка ичинде Донбасста жикчилер 16 жолу ок чыгарды. Негизинен Донецк тараптагы позициялар аткыланды.

Ал эми өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган тарап украин аскерлери 62 жолу ок атканын, бир адам каза таап, экөө жараат алганын айтып чыкты.

Минскте кабыл алынган Украина боюнча соңку тынчтык келишимдин негизинде тараптар ок атышууну 15-февралда токтотмок. Бирок бул макулдашуу дээрлик аткарылбай келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG