Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Олимпиада комитетинин төрагасы Мурат Саралинов дүйнө салды


Мурат Саралинов, 2011-жыл
Мурат Саралинов, 2011-жыл

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов бүгүн инфаркттан каза тапканын "Азаттыкка" Бишкектин Тез жардам кызматынан кабарлашты.

54 жаштагы Саралинов комитет төрагасы болуп 2014-жылы кайра шайланган. Мындан тышкары ал бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган. 2012-жылы ага Азиянын олимпиадалык кеңешинин Алтын ордени ыйгарылган.

Мурат Саралинов эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 2013-жылдын апрель айынан 2014-жылдын мартына чейин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин жетектеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG