Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:31

Орусия Түштүк Осетия менен келишимге кол коет


Президент Владимир Путин Түштүк Осетия менен “союздаштык жана интеграция” келишимине 18-мартта кол коерун бүгүн Кремль билдирди.

Маалыматка караганда, Путин ал күнү ошондой эле Түштүк Осетиянын лидери Леонид Тибилов менен сүйлөшүү өткөрөт.

Орусия Түштүк Осетияны көз карандысыз мамлекет катары тааныса, Грузия жикчил аймагы катары санайт.

Расмий Тбилиси Москванын Түштүк Осетия менен түзүүнү мерчемдеп жаткан келишимин кескин сынга алган. Ушундай эле келишим былтыр Абхазия менен да түзүлгөн болчу.

Грузия жикчил аймактары катары көргөн Абхазия менен Түштүк Осетияны Орусия көз карандысыз өлкө катары 2008-жылдын августундагы кыска согуштан кийин тааныган. Бул эки аймакта тең орус аскерий базалары бар.(UE)

XS
SM
MD
LG