Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Немцовдун өлүмүнө айыпталган Дадаев сотко кайрылды


Орус оппозиционери Борис Немцовду өлтүрүүгө айыпталган Заур Дадаев сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Москванын Басман райондук сотунан кабарлашты. Буга чейин ал күнөөнү моюнуна алганы айтылган эле. Бирок ушул аптада Дадаев укук коргоочулар менен жолукканда кыйноодон улам күнөөнү моюнуна алууга аргасыз болгонун билдирген. Чечен милициясынын мурдагы кызматкери менен абакта жолугуп чыккан Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү Андрей Бабушкин бул маалыматты тастыктады:

- Ал өзүнө карата колдонулган таасир этүү ыкмалары тууралуу кенен-кесир айтып берди. Анын бир нече жолу “эгер мындай басым болбосо, мен мурдагы көрсөтмөлөрдү бербейт элем” кайталады.

Дадаев менен кошо Немцовдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө. Алардын баары чечен улутундагылар. Алардын баары айыпты четке кагууда.

27-февралда Москванын чок ортосунда атылган 55 жаштагы Борис Немцов орус оппозициясынын лидерлеринин бири эле. Ал акыркы он жыл аралыгында учурдагы орус бийлигин сынга алып, ар кыл нааразылык акцияларды уюштуруп келген.

XS
SM
MD
LG