Казань шаарында 15 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу 14-март Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
11-мартта Казандагы "Адмирал" соода борборунда өрт чыккан. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч күн бою куткаруу-издөө иштерин жүргүздү. Соңку маалыматтар боюнча кырсыктан мерт кеткендердин саны 15 адамга жетти. Урандылар астында дагы 19 киши болушу ыктымал.
Каза тапкандар арасында кыргызстандык 35 жаштагы Үмүт Ташмаматова бар экени аныкталган. Ал Орусиянын жарандыгын алган. Маркумдун сөөгүн куткаруучулар урандынын астынан алып чыгышкан.
Совет райондук соту жума күнү соода борборунун ижарачы директорун эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Өрт соода борборунун биринчи кабатында тутанып, өтө тездик менен жайылып кеткен. Куткаруучулар 250 кызматкерди жана 400 кардарды алып чыгып кетүүгө үлгүргөн. (SE)