Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Ишкерлер өлкөгө инвестиция тартуу маселесин талкуулады


“Жаш ишкерлер ассоциациясы” Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу темасында Бишкекте форум уюштурду. Бүгүн, 14-мартта өткөн иш-чарада мамлекет Бажы биримдигине толук мүчө болгон соң инвестиция маселесин кантип өркүндөтүү керектиги боюнча сунуштар айтылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ассоциациянын жетекчиси Руслан Акматбек билдирди.

Талкууга өкмөт мүчөлөрү жана республиканын түрдүү аймактарындагы ишкерлер чакырылган. Анда өкмөт ишкерлерге көмөк көрсөтүү жаатында программаларды иштеп чыгышы зарыл болуп турганы, тартууда ишкерлерди пайдалануу керектиги айтылды.

Форумдун дагы бир максаты - Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында турган Кыргызстандын ишкерлерин жакындан тааныштыруу болду. Алар алдыда пайдалуу долбоорлорду бирге ишке ашыруу жаатында пландарды иштеп чыкмакчы. (SE\ZKo)

XS
SM
MD
LG