Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Спорт ордосуна коюлду делген жардыруучу зат изделип жатат


Кожомкул атындагы спорт сарайга жардыруучу зат коюлган деген маалымат учурда текшерилүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, имаратта азырынча жардыруучу зат коюлган же коюлбаганы маалым боло элек, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Спорт сарайынын жанында жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы имаратты милиция курчап турганын билдирди.

Бүгүн кечки саат 7 чамасында Спорт ордосунда эр таймаш кулатуу боюнча турнир өтмөк. Бирок таймаш башталарга жакын имаратта бомба коюлган деген маалыматтан улам ал жердеги адамдар сыртка чыгарылган.

XS
SM
MD
LG