Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Саралиновдун сөөгү бүгүн жерге берилет


Маркум Сурат Саралинов.
Маркум Сурат Саралинов.

Коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилет. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында болот.

Саралинов 13-март күнү 54 жашында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган.

Маркум Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп 2006-жылы бекитилген. Ортодо бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап, 2014-жылы экинчи ирет Улуттук олимпиада комитетинин жетекчилигине шайланган. 2012-жылы ага Азиянын олимпиадалык кеңешинин Алтын ордени ыйгарылган.

Мурат Саралинов эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери. (SE)

XS
SM
MD
LG