Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

“Билим кербени” Арча-Бешикте уланды


“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду “Таалим-Форум” уюму менен бирге уюштуруп жаткан “Билим кербени” иш-чарасынын кезектеги жыйыны 14-март күнү Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушунда жайгашкан №79 орто мектепте болду. Адистер окуучуларга экологияга аяр мамиле кылуу жаатында окутууларды өткөрүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

“Билим кербени” акциясы эки жылдан бери өлкөнүн түрдүү аймактарында өткөрүлүп келет. Анда жаштарды билим алууга үндөгөн түрдүү темаларда сабактар, тренингдер уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG