АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф жолугуп, өзөктүк программа боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Керри “Эгер Иран өзөктүк программасы тынчтык максатын гана көздөй турганын далилдей алса, жакын арада Вашингтон Тегеран менен саясий келишимге макул болушу мүмкүн экендигин” белгиледи.
Керри Зариф менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн 15-мартта Швейцариянын Лозанна шаарына барат.
Тегерандын өзөктүк программасы боюнча тараптар быйыл 31-мартка чейин бир чечимге келиши керек. АКШ баштаган дүйнөнүн алты ири өлкөсү Иранды өзөктүк программасын сырткы көзөмөл астында чектөөгө көндүрүп келет. Иран мындай шартка макул болсо, Батыш ага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды кыскартат. (SE)