Украина президенти Петро Порошенко сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Радага 14-мартта тапшырылды.
“Атайын макамга” кирген аймактар Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши тарабынан өткөн жумада аныкталган. Рада келаткан аптада мыйзамды добуш берүүгө алып чыгат.
Минск шаарында 12-февраль күнү Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлери кол койгон келишимге ылайык, Жогорку Рада жикчилдер көзөмөлдөп жаткан Донецк жана Луганск аймактарынын атайын макамын расмий бекитиши керек.
13-март күнү аталган облустарды башкарып турган Александр Захарченко менен Игорь Плотницкий Франция президентине жана Германия канцлерине кайрылып, Минск келишиминдеги талаптарды ишке ашыруу боюнча “Киевге кулак кагыш кылууну” суранышкан. (SE)