Ысык-Көлдүн Тоң районунда жол кырсыгында мерт кеткен төрт милиция кызматкеринин жакындарына мамлекет жардам көрсөтөт. Бул тууралуу райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Айтбек Шаменов “Азаттыкка” билдирди. Учурда бул боюнча иш-пландар даярдалууда.
14-март күнү Тоң райондук милициясынын ыкчам-иликтөө тобунун төрт кызматкери жана бир жөнөкөй жаран автокырсыкта каза тапкан. Маңзатка байланыштуу кылмышты иликтеп жүргөн учурда алар келаткан “Тойота Виндом” унаасынын дөңгөлөгү чыгып кетип, жол четинде турган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кичиавтобусту сүзүп алган. Натыйжада төрт милиционер жана алар менен бараткан жергиликтүү жаран көз жумган. Окуя Бөкөнбаев-Каракол жолунда болгон.
Каза тапкан кызматкерлердин аты-жөнү: Азамат Жунушалиев, Шүкүрбек Турдалиев , Сүйүнтбек Бакчиев жана Тилекмат Тойчубек уулу. Алар Ысык-Көл жана Жети-Өгүз районунун тургундары. Баары 25-30 жаш курагындагы жигиттер. Маркумдардын сөөгү бүгүн өздөрү туулган айылдарга жерге берилет. (SE)