Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Аксынын акими жергиликтүү тургунду сотто утуп алды


Аксы райондук соту аким Медетбек Айдаралиев жөнүндө “жалган маалымат тараткан” деген жүйө менен жаш активист жана жергиликтүү кеңештин депутаты Шекербек Камчыбек уулуна 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу район акими “Азаттыкка” билдирди.

- Өткөн жылы Шекербек Камчыбек уулу "аким өзбекстандык усталарды иштетип, 180 миӊ сомдук эмгек акысын бербей койгон" деп маалымат тараткан. Ал туура эместигин далилдеп, соттон утуп алдым,- деди Айдаралиев.

Аким ошондой эле Шекербек Камчыбек уулунун февраль айында “Ачык саясат” гезитине берген башка интервьюсу үчүн экинчи ирет сотко бергенин кошумчалады.

Ал эми Камчыбек уулу аким тууралуу жалган маалымат таратпаганын, бирок сот ал келтирген далилдерди канааттандырарлык эмес деп тапканын айтууда. Бул боюнча жогорку инстанцияларга кайрыларын билдирди. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG