Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Алыкул Осмонов тууралуу энциклопедия чыкты


Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата чыгарылган “Алыкул Осмонов энциклопедиясы” китебинин бет ачары өткөн апта соңунда Бишкекте өттү. Китеп республикалык окумуштуулардын, журналисттердин, жазуучулардын катышуусу менен даярдалганын Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Энциклопедияда Алыкул Осмоновдун өмүрү менен чыгармачылыгынан тышкары, акын тууралуу илимий изилдөөлөр, окутуу усулдарына байланыштуу маалыматтар да камтылган.

Буга чейин Улуттук илимдер академиясы “Токтогул Сатылганов энциклопедиясын” чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG