Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди


Кыргызстан менен Казакстан чектешкен аймактарда 15-марттын кечинде жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ысык-Көлдөгү Ананьево айылынан 38, Каракол шаарынан 135 чакырым түндүк-батыш тарапта катталып, күчү 5 баллга жеткен. Чок-Тал, Ак-Түз, Бостери, Кажы-Сай айылдарында жана Чолпон-Ата шаарында жер силкинүүнүн күчү 3 балл болду. Алдын ала маалымат боюнча, жабыр тарткандар жана кыйроолор катталган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG