Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Журналисттер "Азаттыктын" берүүсү боюнча спикерге кайрылышты


Маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда “Азаттыктын” “Депутатты багыш оңой эмес” деген атайын иликтөөсүнө байланыштуу протоколдук тапшырманы кайтарып алуу чакырыгы айтылган.

Парламенттин 26-февралдагы жалпы жыйынында Жээнбеков парламенттин ишмердүүлүгү бир жактуу сындалып жатканын айтып, Жогорку Кеңештин коопсуздук жана билим берүү маселелери боюнча комитеттерине маалыматтык коопсуздукту көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берген.

“Азаттык” аталган иликтөөсүндө элден чогулган салык эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөрүн, жогорку маяна, кызматтык унаа, үй жана башка түзүлгөн ыңгайлуу шарттарды эл өкүлдөрү актап жатабы деген суроого жооп издеген. Иликтөө расмий фактылардын, статистикалык маалыматтардын,депутаттардын өздөрүнүн интервьюларынын негизинде жүргүзүлгөн.

Журналисттердин кайрылуусунда протоколдук тапшырма сөз эркиндигине, маалыматты алуу жана издөө, сактоо мыйзамдарына каршы келери, так эмес маалымат болсо ар бир эл өкүлү сотко кайрылууга укуктуу экени белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG