Малайзия ханзадасы Абдулла Шах 15-мартта кечинде Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан маалымдашты. Расмий иш сапардын алкагында ханзада Кыргызстандын футбол федерацисынын президенти Семетей Султанов менен жолугушуп, келечек пландарды талкуулады.
Абдулла Шах Малайзиянын футбол федерациясынын президенти. Ал Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) аткаруу комитетине шайланууга талапкер болууда. Бүгүн түштөн кийин боло турган журналисттер үчүн маалымат жыйынында Жапониянын футбол Ассоциациясынын вице-президенти Козо Ташима менен биргеликте шайлоо кампаниясына даярдыктары тууралуу айтып беришет. Эл аралык футбол федерациясынын аткаруу комитетин шайлоо апрель айында өтөт. (ECh)