Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Керри менен Зариф Тегерандын ядролук программасын талкуулайт


Жон Керри жана Мохаммад Жавад Зариф
Жон Керри жана Мохаммад Жавад Зариф

Швейцарияда бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жолугушат. Тараптар Тегерандын атомдук программасы боюнча мунаса табууга аркеттенмекчи. Марттын этегине чейин жаңы келишимдин негизги жоболору даяр болууга тийиш. Иран уран байытуу ишин убактылуу токтотууга көнсө эл аралык санкциялар алынып салмакчы. Документ 30-июнга чейин даяр болушу керек. Керри менен Зарифтин жолугшуусу алдында кечээ Лозаннада америкалык жана ирандык дипломаттар менен техникалык эксперттер кездешти.

Аптанын соңунда Иран тышкы иштер министри Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жаткан АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытайдын өкүлдөрү менен жолугушат деп күтүлүүдө. 15-мартта Египетте болгон учурда Керри келишим түзүүдөгү кыйынчылыктар“техникалык” эмес, саясий маселелерге барып такалууда деп билдирген.

XS
SM
MD
LG