Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Самаковду жоопко тартуу талабы айтылды


Бүгүн Байтик жана Кара-Жыгач айылынын айрым тургундары маалымат жыйынын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковду жоопко тартууну тиешелүү органдардан талап кылышты. Алар 42 гектар жерди Самаковдун жакындары делген адамдар 2008-жылы 49 жылга ижарага алып, кийин 20 млн. сомго аукциондо сатып алганын, мунун айынан жергиликтүү эл жайыттарынан ажырап калышканын билдиришти. Аталган аймактын тургундары жерди кайтарып берүү өтүнүчүн айтышты. Маалымат жыйында депутатты айыптагандар жана аны колдоп келгендер ортосунда чыр чыгып, талаш-тартыш жаралды.

Самаков өзү бул боюнча түшүндүрмө берген жок. Анын тарапкерлери депутатты айыптоону аны жаманатты кылуу аракети деп баалашууда. Башкы прокуратуранын "Азаттыкка" билдиришинче, Байтиктеги жерлердин сатылышы иликтенип жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG