Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Асад АКШдан конкреттүү кадамдарды күтөт


Сириянын президенти Башар Асад Вашингтон тараптан иш-аракеттерди күтүп жатканын бүгүн билдирди. Анын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри куралдуу жаңжалга чекит коюу үчүн Дамаск менен сүйлөшүү керектигин моюнга алган. Асад Ирандын телеканалына берген интервьюда: "Биз азырынча комментарийлерди угуп эле, конкреттүү кадамдарды күтүп жатабыз. Ошондон кийин чечим кабыл алабыз", - деди.

Иран Дамаск режиминин региондогу жакын өнөктөшү.

15-мартта Керри Си-Би-Эс каналындагы маекте Вашингтон төрт жылдан бери уланып келаткан жаңжалдан чыгууга жардам берүү үчүн Асадды өткөөл стратегияны талкуулоого көндүрүп жатканын айткан. Уруш соңку маалыматтарга ылайык, 220 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

Керри Асад легитимдүүлүгүн жоготуп койгон, ал кызматынан кетиши керек деген АКШнын буга чейинки ой-пикирин бул ирет кайталаган жок.

XS
SM
MD
LG