Тажик президенти Эмомали Рахмон улуу баласын антикоррупциялык мекеменин башчылыгына дайындады. 27 жаштагы генерал-майор Рустам Эмомали 2013-жылдын аягынан бери Бажы кызматын жетектеп келген. Коррупция Тажикстанда олуттуу проблема бойдон кала берүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, президенттин кызы Озода тышкы иштер министринин биринчи орун басары, анын күйөөсү Жамалиддин Нурали болсо финансы министринин орун басары.
Рахмондун дагы бир күйөө баласы Ашраф Гулов Тажикстандын Москвадагы башкы консулу болуп иштейт.