Азербайжандын улуттук музыкасына арналган иш-чара бүгүн Бишкектеги Улуттук консерваторияда өтөт. Аны “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду ЮНЕСКОнун колдоосунда Азербайжан элчилиги менен бирге уюштурууда. Концертке Азербайжандан ырчылар жана маданият өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.
Уюм буга чейин түрк, өзбек, уйгур жана башка улуттардын маданий күндөрүн өткөргөн. (SE)