Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Муфтият ажылык үчүн авиакомпаниялар арасында тендер өткөрөт


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы ажылык сапарына зыяратчыларды ташуу үчүн 19-мартта авиакомпаниялар ортосунда тендер өткөрөт. Ага Сауд Арабияга таандык фирмалар катышат. Тендердик конкурс жөнүндөгү маалымат бир ай мурда жарыяланган. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орунбасары Замир ажы Ракиев билдирди:

- Тендер өткөндөн кийин ажылыкка баруу үчүн төлөнө турган каражаттын суммасы аныкталат. Зыяраттын чыгымынын 60-70 пайызын учактын жол киреси түзөт.

Өткөн жылы ажыга баруунун баасы 2400 доллар болгон.

Быйылкы зыярат сентябрь айына туш келет. Ага Кыргызстандан 3685 адамдын барары пландалууда. (SE)

XS
SM
MD
LG