Бул тууралуу “Азаттыкка” журналдын редактору Жаныбек Абидетегин кабарлады. 1-класстан 6-класска чейинки балдарга арналып чыгарылган журнал тарбия берүү, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоону үйрөтүү максатын көздөйт. Журналды Байтемир Асаналиев, Абдыкерим Муратов баштаган балдар жазуучулары, адабиятчылар, балдар психологдору жана балдар адистери биргелешип, ар бир материалды дыкат текшерип чыгарат. “Баластандын” бет ачар аземи бүгүн Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында өтөт.
Кыргызстанда балдарга арналган китептер, чыгармалар аз экени, көп китептер орус журналдарынан которулуп жазылары сындалып келет. (КЕ/ZA)