Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Терроризмге каршы борбордун жетекчиси Таалай Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Ал учурда экстремизм коркунучу интернет аркылуу келип, күч түзүмдөрү ушул багытка маани берип жатканын кошумчалады. “Мамлекеттин техникалык мүмкүнчүлүктөрү азырак. Учурда көп жаштар жардыргыч заттарды жасоону интернеттен үйрөнүдө. Ушул жана Сириядагы жарандарды кайтаруу боюнча Түркия, Орусия менен иштешип жатабыз”, - деди Жапаров.
Кыргызстанда ондон ашуун диний уюмга ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган. Алар: «Хизб-ут Тахрир» уюму, «Түркстанды бошотуу кыймылы», «Чыгыш Түркстан ислам партиясы», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы», «ал-Каида» уюму, «Талибан кыймылы», «Күртстан Элдик Конгресси» жана «Жихад топтору». Андан сырткары, Вахабий, Акрамий сыяктуу агымдарга да тыюу салынган.