Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Зыяратчыларды ташуу тендерине эки гана авиакомпания арыз берди


Кыргызстандык зыяратчылар Мединада, 3-октябрь, 2013.
Кыргызстандык зыяратчылар Мединада, 3-октябрь, 2013.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Муфтияттын алдындагы ажылыкты уюштуруу бөлүмүнүн адиси Хамид Садиллаев билдирди. Анын айтымында, зыяратчыларды ташуу үчүн Сауд Арабияга таандык Flynas, Кыргызстандын «Манас эйр» компаниясы арыз берген. Тендер 19-мартта өтөт. Ал эми ажыга баруунун баасы авиакомпаниялар тандалгандан кийин белгилүү болот.

Өткөн жылы ажыга баруунун баасы 2400 доллар болгон. Быйыл бул баа 500-1000 долларга кымбатырак болушу ыктымалдыгы айтылууда. Буга нааразы топ бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, баа атайылап көтөрүлүп жатканын айтышты.

Быйылкы зыярат сентябрь айына туш келет. Ага Кыргызстандан 3685 адамдын барары пландалууда. (КЕ/MM)

XS
SM
MD
LG