Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:43

Атамбаев Молдовага барганы тастыкталды


Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Молдовага жасаган бейрасмий сапары туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков жооп берди. Ал тараткан маалыматта мамлекет башчынын Кишиневдогу жолугушуусу тууралуу айтуу азырынча эрте экени, бирок кандай гана болбосун бул Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалганы белгиленген.

Молдованын басылмалары Алмазбек Атамбаев 16-мартта Орусия сапарынын алдында Кишиневго токтоп, Молдова Демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Влад Плахотнюк менен жолугушуп кеткенин жазып чыгышкан. Бул кабарды бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары да Молдова басылмаларына таянуу менен жазып чыгышты. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG