“Росинбанктын” Кочкор-Ата шаарындагы өкүлчүлүгүнөн акча уурдаган адам табыла элек. Бул тууралуу бүгүн жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында аталган банктын башкармалыгынын башчысы Евгений Немеренский билдирди. Анын айтымында, акча уурдоого шектүү жаран учурда Орусияда болушу мүмкүн.
Банктын Жалал-Абаддагы кардарлары алдаткан аманат акчасын кайтара албай, былтыр күздөн бери убара тартып келатышат. Пенсионерлердин акчасын уурдап кетти деп шектелген банктын мурдагы кызматкерине Жалал-Абад облустук милициясы өткөн жылы эл аралык издөө жарыялаган. Шектүү адамдын табылбай жатканына байланыштуу кылмыш ишин тергөө убактылуу токтоп турат. (КЕ/МТо)