Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

БУУ чабарманы: ИМ желдеттери Ооганстанда пайда болду


Акыркы маалыматтар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желдеттери Ооганстанга келе баштаганын ырастайт. Бул тууралууУлуттар уюмунун Ооганстандагы атайын чабарманы Николас Хейсом 16-мартта БУУнун Коопсуздук кеңешинде маалымдады. БУУнун миссиясынын баасы боюнча, жихадчылар Ооганстанда “терең тамырлай элек”. Бирок алар ар кандай майда козголоңчуларды бириктирчү күч болушу ыктымал, деди ал. Анын алдында сүйлөгөн Орусиянын БУУдагы элчисинин орун басары Владимир Сафронков Коопсуздук кеңешин согушчул топтордун жайылуусун токтотууга чакырды. Ооганстанда террордук группалардын көбөйүүсү бизге дос жана союздаш Борбор Азия мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунуч жаратат, - деди Сафронков.

Ушул эле күнү Коопсуздук кеңеши БУУнун Ооганстандагы миссиясынын мандатын 2016-жылдын 17-мартына чейин узартты.

XS
SM
MD
LG