Петр Буриан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын чабарманы болуп көрсөтүлдү. Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерининин кеңсесинин билдиришинче, Петр Буриан мурда Словакиянын НАТОдогу, АКШдагы жана БУУдагы элчиси болгон. Эми аны атайын чабармандыкка Европа Кеңеши бекитүүгө тийиш. Ал атайын чабарман Янос Германдын ордуна барат. "Петр Буриандын дайындалуусу эки жактын кызыкчылыгына ылайыктуу: мыйзамдуулук, коопсуздук, суу чарбасы, билим берүү жана адам укуктары сыяктуу маанилүү тармактарда биздин өз ара кызматташып жатканыбызды шарданалайт. Борбор Азия стратегиялык аймак", - деп айтылат Могерининин кеңсеси 16-мартта жасаган билдирүүдө.