Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында, Алай районунун Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл, Ноокаттын Исанов, Көк-Бел айылдык кеңештерине, Кара-Суунун Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык кеңештерине, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо ушул жылдын 17-майына белгиленди.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоону Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык уюштуруу милдети тапшырылды. (КЕ)