Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Украиналык учкуч аял кайрадан ачкачылык жарыялады


Орусияда абакта отурган украиналык аскерий учкуч Надежда Савченконун билдиришинче, ал 16-мартта кайрадан ачкачылык жарыялады жана абактан бошотулбаса, ачкалыктан өлүүгө даярдана баштады. Савченко бул жөнүндө Москванын Матросская тишина түрмөсүнөн жазган катында эскертти.

33 жаштагы Савченко 13-декабрда ачкачылык жарыялагандан кийин 20 килограммга арыктап, акцияны ден соолугуна байланыштуу 5-мартта токтоткон. Учкуч аял Чыгыш Украинада орусиялык эки журналисттин өлүмүнө жооптуу деп айыпталууда. Савченконун айтымында, аны былтыр июнда кремлчил жикчилдер уурдап, Орусияга мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

 

XS
SM
MD
LG