Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Пакистанда кайрадан дарыгерлерге чабуул жасалды


Пакистанда полиомиелитке каршы эмдөөчү эки кызматкер жана аларды күзөткөн полициячы өлтүрүлдү. Жергиликтүү полициянын зардалы Мухаммед Фияз Хан бул үчөө Хайбер-Пахтунква провинциясынын Шейхабад аймагында балдарды эмдеп жүргөндө куралчан эки адам ок жаадырганын билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер командасы ушу тапта Маншера районундагы ооган качкындар лагерин жана анын атрабындагы айылдардын элине эмдөө жүргүзүүдө.Согушчандар полиомиелитке (шал ооруусу) каршы эмдеген медициналык кызматкерлер шпиондук кылат же мусулмандарды тукумсуз кылат деп, аларга тез-тез кол салып турат. Пакистан шал ооруусу абдан көп жайылган дүйнөдөгү үч өлкөнүн бири.

XS
SM
MD
LG