Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, Түштүк Кореядан 17-март күнү келген ишкерлер тобу менен эки тараптуу кызматташуу макулдашуусуна кол коюлат. Он кишиден турган корей ишкерлерин кечээ калаа башчысы Рахат Адиев кабыл алган. Мэрия D&G Co.Ltd компаниясы менен түзгөн келишимге ылайык, анын алкагында Нарындагы жылуулук системасын модернизациялоо долбоору ишке ашырылат.
Бүгүн кореялык ишкерлер жогорку Нарын ГЭСинин курулушу менен таанышат. (MiK)