Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:54

Кытай, Жапония жана Түштүк Корея дипломаттары сүйлөшүүлөрдү жандантат


Жапония, Кытай жана Түштүк Кореянын желектери.
Жапония, Кытай жана Түштүк Кореянын желектери.

Үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери соңку үч жылдан бери алгач ирет кайрадан жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Алар акыркы ирет 2012-жылдын апрелинде жолугушкан, бирок аймактык жана тарыхый талаш пикирлерден улам сүйлөшүүлөр токтоп калган. Үч тараптуу кызматташууну жандантуу максатында уюштурулуп жаткан жолугушуу 21-март күнү Сеулда болот. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жапония Кореянын жана Кытайдын айрым аймактарын оккупациялап алганы үчүн сындалып келет. Ошондой эле үч мамлекеттин мамилеси улуттук кызыкчылыктардан улам начарлап кеткен.

XS
SM
MD
LG