Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Кыргызстанда эки миңден ашуун майып баланын билим алуу мүмкүнчүлүгү жок


Орусиядагы майып балдар борбору.
Орусиядагы майып балдар борбору.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы майып балдардын билим алуу укугу талкууланат. Ага мамлекеттик тийиштүү кызматкерлер менен инклюзивдик билим берүү боюнча колдоо көрсөтүп келаткан эл аралык уюмдардын адистери чакырылган. Уюштуруучулар “Азаттыкка” билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө майып балдардын саламаттыгына кам көрүү жана алар жашаган үй-бүлөлөр эмнеге муктаж экендиги боюнча маселе да каралмакчы.

Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетованын айтымында, өлкө аймагында 18 жашка чейинки 26 миңден ашуун майып бала бар.

- 2014-жылы үймө-үй кыдырып, тактоо иштерин жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгы менен эки миңден ашуун баланын майыптыгынан улам билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү экени аныкталган,- дейт Мамбетова. (SE)

XS
SM
MD
LG