Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Коомдук жайларда курал саткан дүкөндөр жайгашуусуна тыюу салынат


Жогорку Кеӊеште курал саткан юридикалык жактардын ишин жөнгө салууну ыраатташтырууга багытталган "Курал жөнүндө мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. ИИМдин маалыматына караганда, билим берүү мекемелеринде, тамактануу жайларында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салган мыйзам иштей баштады. Эми ошол жайлар жайгашкан аймакта курал саткан дүкөндөр жайгашуусуна тыюу салуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Өлкө аймагында курал саткан 29 дүкөн болсо, алардын сегизи Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан. Мисалы, «Эделвейс» курал сатуу дүкөнү он жылдан ашуун мезгилден бери Бишкек шаарындагы №64 мектептин имаратында турат. Бишкек шаарынын мэриясы ижара келишимин апрель айында эле токтотконуна карабастан, дүкөн ээлери имараттан чыгып кетүүдөн баш тартууда. ИИМ өкүлү ал дүкөндү жабуу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан курал саткан дүкөндөрдүн турак жайларда жайгашуусуна да тыюу салуу, мыйзам долбоорун таасир этүү экспертизасынан өткөрүү сунушу берилди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG