Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Эшектин эти коомдук тамак-аш жайларынан табылган жок


Бул туурасында “Азаттыкка” Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл борборунун башчысы Шамен Сыдыков билдирди. Анын айтымында, соңку үч жума аралыгында эки жолу комиссия түзүлүп, алар Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча коомдук тамак-аш жайлары, колбаса, пельмень чыгаруучу ишканаларды текшерип, эч бир жерден эшек этин табышкан эмес. Текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн бир колбаса чыгарган цех жана 3 ашкана убактылуу жабылды.

Шамен Сыдыковдун маалыматында, ушул тапта Бишкекке жакын айылдагы касапканада табылган 605 эшектин этин жок кылуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү.

24-февралда КТРКнын журналисттери Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде жүздөгөн эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG