Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Ошто насыялардын үстөгү он пайызга өстү


Ош облусунун аймыгында бардык кредиттик мекемелер насыя берүүдө үстөгүн 10 пайызга чейин көтөрүштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Оштогу "Росинбанктын" насыя бөлүмүнүн башчысы Азизбек Боронбаев билдирди. Натыйжада «Мамлекеттик банктарда 150 миң сомго чейинки насыянын жылдык үстөгү 28-30 пайызга чейин болсо, коммерциялык банктардын үстөгү ушул эле суммага 33-35% өстү, ал эми микрокредиттик компаниялардын үстөгү 38-40 пайызга чейин жетти.

Банк кызматкери насыялардын үстөк пайызы кымбатташын доллар жана еврого баанын өскөнү менен түшүндүрдү.

Коммерциялык банктардын жылдык үстөк пайызы 2007-2008-жылдары 30-32% болсо, 2013-2014-жылдары 22% чейин түшкөн болчу.

Улуттук банктын билдиришинче, Ош облусунда ушул жылдын январь айында ар кайсы каржы мекемелери тарабынан элге 453 млн. сом кредит берилген. Анын ичинен 344 млн. улуттук валюта түрүндө таратылган. Ал эми февраль айында 288 млн. сом кредит берилсе, анын 205 млн. улуттук валюта түрүндө болгон. (YI)

XS
SM
MD
LG