Бул туурасында Эсеп палатасынын аудитору Өктөмхан Абдуллаева билдирди. Анын айтымында, юридикалык, экономикалык жана медициналык факультеттерде окуган студенттердин билим деңгээли 5 баллдык система менен эсептегенде 2 - 3,5 баллга гана жетет. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөрдүн саны эмгек рыногуна талап кылынган кадрлардын санынан алда канча көп болуп, ортодо баланс жокко эсе. Жыл сайын Кыргызстанда 3,5 миң юрист окууну бүтүрүп чыкса, алардын болгону 200ү жумушка орношо алат. Ошондой эле жылына 8 миң 100 экономист диплом алса, анын болгону 2 миң 200ү гана жумуш менен камсыз болот.
Жогорку окуу жайларда студенттердин сапатына эмес, санына карап толтуруп алуу аракетинин арты кайра эле алардын жарым жолдон окууну таштап коюусуна себеп болууда. Абдуллаеванын айтымында, алар бир нече жогорку окуу жайларын текшерип, соңку учурда бюджеттин эсебинен окуган 338 студенттин окуудан чыгарылганын аныкташкан. Бул өз кезегинде бюджетке 12,5 миллион сом чыгаша алып келген. (AzK)