Кремлдин жанында өтүп жаткан иш-чарага президент Владимир Путин катышып, сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Өткөн жылы 18-мартта жарым аралдын Москва колдогон бийлиги Орусияга кошулуу келишимине кол койгон. Украина жана Батыш Орусия Крымды аннексиялоо менен эл аралык мыйзамдарды бузду деп айыптап келатышат. Бул кадам Москва менен Батыштын мамилелерин кансыз согуш доорундагы абалга кептеди.
Аннексиядан көп узабай Украинанын чыгыш облустарында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда уруш тутанган.
Аннексиянын бир жылдыгына карата Эл аралык Мунапыс уюму Крым бийлигин адам укуктарын бузуп, крым татарларынын укугун чектеп жатат деп сындаган отчетун жарыялады.