Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Келдибаев: Ошто жаштар жыйыны үзгүлтүккө учурады


“Кыргыз Ата” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев Ошто бүгүн “Мекенчил” партиясынын жаштар канаты уюштурган жыйын үзгүлтүккө учураганын "Азаттыкка" маалымдады. Анын айтымында, “Сулайман Тоо” чайханасында уюштурулган бул иш-чарага "атайын даярдалган 30дай баланы жиберген шаардык бийлик жана милиция тоскоолдук кылды".

Жыйында сөз сүйлөгөнү барган Келдибаев муну өзүнүн саясый ишмердиги, Жалал-Абадда өтө турган оппозициялык жыйынга катышканы жатканы менен байланыштырууда.

Тартип коргоо органдары Келдибаевдин айтканын тастыктаган жок.

Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков мындай окуя катталбаганын, ички иштер башкармалыгына эч кандай арыз түшпөгөнүн "Азаттыкка" билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG