Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Самаковго каршы митинг өттү


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковду “Бишкектин жака-белиндеги жерлерди мыйзамсыз алган” деп айыптагандар бүгүн депутатка таандык "Давос" компаниясынын жанында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар депутаттын үйү да ошол аймакта болгондуктан, акцияны компания офисинин алдында уюштурганын “Азаттыкка” билдиришти.

Митингге чыккандар негизинен Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик жана Кара-Жыгач айылынан келгендер. Алар менен Самаковдун уулу келип жолукту, бирок акция катышуучулары депутаттын өзүнүн келишин талап кылышты. Тургундар акцияны 19-март күнү да уланта турганын айтып жатышат.

Митингге чыккандар Самаковдун жоопко тартылышын талап кылууда. Депутат өзү бул боюнча пикирин билдире элек. Бирок анын тарапкерлери окуяны атайын уюштурулган деп, эл өкүлүн жаманатты кылуу аракети катары баалап жатышат.

Айыл тургундары депутат 42 гектар жерди мыйзамсыз сатып алганын айтып, буга чейин да бир канча ирет нааразылык билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG