Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Швеция: Орус дипломаттарынын үчтөн бири тыңчылар

Швециянын чалгындоо кызматы Орусия өлкө аймагында тыңчылык операцияларын жүргүзүүдө деп айыптады. Контрчалгындоо мекемесинин башкы аналитиги Вилхелм Унге 18-мартта коопсуздук боюнча отчет менен тааныштырып жатып билдиргендей, Швециядагы дипломаттардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү тыңчылар.

- Бул сан бир нече жылдан бери өзгөрүүсүз кала берүүдө, - деп кошумчалады аналитик.

Унге Аскердик чалгындоо – ГРУ же Федералдык коопсуздук кызматынан – ФСБден чыккан тыңчылар жакшы билим алган, СССР доорундагы тыңчылардан алда канча жаш экенин белгиледи.

Анын айтымында, өткөн жылы алардын Швециянын аскердик технологиясына ээ болуу аракеттерине жол берилген эмес.

​
XS
SM
MD
LG