Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Ысык-Көл мамлекеттик университети жабылышы мүмкүн


Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жабылып калуу коркунучунда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди. Буга окуу жайга тапшырган абитуриенттердин азайышы себеп болууда. Абал ушундай уланса, алдыдагы жылдарда университетти жабуу жагы каралат. Маселе буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинде да сөз болгон.

Университет Каракол шаарында жайгашкан. Окуу жайдын ректору Курманбек Абдылдаев билдиргендей, өткөн жылы окууну миң студент аяктаган болсо, күзүндө окууга тапшырган абитуриенттердин саны 400гө араң жеткен. Жетекчилик буга республикалык тестирлөөдөгү босого упайдын жогору экендиги себеп болуп жатканын белгилейт.

Республикалык тестирлөө талаптарына ылайык, упайы 110го жетпеген абитуриент окуу жайга документ тапшыра албайт. Ректор бул жагдайды мектептердин билим деңгээлинин төмөндүгү менен түшүндүрөт. (AsA)

XS
SM
MD
LG