Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери тарабынан бир айлык "Тартип" операциясы башталды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милиционерлер 17-марттан 17-апрелге чейин шаардагы бардык короо жайларды кыдырып, тургундарды жашаган жери боюнча каттоого алат. Мындан сырткары убактылуу жашап жаткандардын, калаага кирип-чыккандардын тизмелери такталат. Милиция бул иш-чара аркылуу кылмыштуулукту азайтуу жана алдын алуу максатын көздөөрү айтылат башкармалык тараткан маалыматта. (RsK)